МАНАС: Р.АЗИМБАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ

  • 20.08.2026
  • 0

Манас шаарындагы №13 Р.Азимбаев атындагы жаңы мектеп ушул жаңы окуу жылында окуучулар үчүн пайдаланууга берилет. Жакында эле Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев аталган билим берүү мекемесинин курулушунун жүрүшү менен жеринен таанышып кайтты.

МАНАС: Р.АЗИМБАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ

Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан бул долбоордун курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Учурда объектте курулуш жана монтаждоо иштери комплекстүү түрдө жүргүзүлүп, имараттын фасадын жана ички бөлмөлөрүн жасалгалоо жумуштары кызуу уланууда.

Белгилей кетчү маанилүү жагдай, өлкө башчысынын тапшырмасы менен курулуп жаткан жаңы мектептерде күн панелдерин орнотуу каралууда. Министр белгилегендей, бул — энергияны үнөмдөөчү жана заманбап технологияларды мектеп инфраструктурасына киргизүүнүн жаңы жана натыйжалуу багыттарынын бири болуп саналат. МАНАС: Р.АЗИМБАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ

Жаңы билим берүү уясы 530 окуучуга ылайыкталып, жалпы аянты 2 846 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын ар тараптуу жана сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлмөкчү: анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, медициналык кабинет, жыйындар залы, эмгекке үйрөтүү кабинеттери жана спорт залы каралган.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер