ОШТОГУ МЕКТЕПТЕРДИН РЕЙТИНГИ АНЫКТАЛДЫ

  • 14.06.2018
  • 0

Ош шаарындагы мамлекеттик мектептердин 2017-2018-окуу жылындагы рейтинги аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгын усулдук борборунун жетекчиси Кумарбек Раманов билдирди.

ОШТОГУ МЕКТЕПТЕРДИН РЕЙТИНГИ АНЫКТАЛДЫ

Маалыматка ылайык аталган рейтингди чыгаруу жана андагы каралуучу 28  критерий окуу жылынын башындагы Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кезектеги коллегиялык жыйынында кабыл алынган.

«Шаарыбыздагы мектептердин рейтингдерин чыгаруудагы негизги максатыбыз – билим берүү мекемелеринин жетишкендиктерин белгилөө аркылуу алардын арасындагы атаандаштыкты жаратуу менен окуу-тарбиялоо жараянын жогорулатуу болду. Мында биз мектепти баалоодо негизги 4 багыт, атап айтканда алардын билим берүү жаатындагы көрсөткүчтөрү, тарбия жараянын жакшыртуудагы натыйжалуу аракеттери, жетекчиликтин ишмердүүлүгү жана материалдык-техникалык базаны чыңдоодогу жигердүүлүктөрү боюнча карадык» дейт К. Раманов.

Эске сала кетсек, Ош шаарында азыркы тапта иштеп жаткан мамлекеттик мектептердин рейтинги өткөн окуу жылында да чыгарылып, анда мектептер бири-бири менен салыштырылган. Ал эми быйылкы рейтингде мектептер өткөн жыл менен кошо өзү менен өзү салыштырылып, алардын өсүү темпи жана жетишсиздиги аныкталды.

Бөлүшүү

Комментарийлер