ОШТОГУ МЕКТЕПТЕРДЕ МАНАСЧЫ ЖУСУП МАМАЙДЫН ТУУЛГАН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ

  • 18.04.2018
  • 0

Бүгүн Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде өсүп келе жаткан жаш муунду «Манас» эпосунун философиясынын негизинде жарандык атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялоо максатында залкар манасчы Жусуп Мамайдын туулган күнү белгиленүүдө.

ОШТОГУ МЕКТЕПТЕРДЕ МАНАСЧЫ ЖУСУП МАМАЙДЫН ТУУЛГАН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ

18-апрель — манасчынын туулган күнүнө жана 100 жылдыгына карата Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык билим берүү мекемелеринде Ж. Мамайга арналган бурчтар, класстык кааналар жана атайын борборлорду уюштурган. Андан тышкары жаш манасчылардын, дастанчылардын (кенже эпостор боюнча) жарышы уюштурулуп келет.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы манасчынын 100 жылдыгына карата түрдүү деңгээлдеги педагогикалык окууларды, талкуу-жыйындарды уюштурууну пландоодо. Андан сырткары шаарда жайгашкан бир мектептин атына Ж. Мамайдын ысымын ыйгаруу сунушун да тиешелүү тараптар менен макулдашууну, манасчы жөнүндө тартылган даректүү тасманы мектептерге акысыз көрсөтүүнү, ошондой эле мектеп окуучуларынын арасында сүрөт, дил баян сынагын уюштурууну жылдык планга киргизген. Учурда Ж. Мамайдын туулган күнүнө карата манасчыдан калган акыл-насаат, бата сөздөрүн сүрөтү менен билим берүү мекемелеринин имараттарына илинүүдө.

Эске сала кетсек, залкар манасчы Ж. Мамай 1918-жылы Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунуна караштуу Ак-Чий ооданында жарык дүйнөгө келип, 2014-жылы бул жалган менен коштошкон. Ал башка манасчылардан өзгөчөлөнүп, «Манасты» жети урпагына чейин айткан.

Тынчтыкбек Бекташ уулу

Бөлүшүү

Комментарийлер