ОШТОГУ ЧЫГАРМАЧЫЛ ТОПТОР ТАЛКУУ өТКөРҮШТҮ  

  • 12.11.2021
  • 0

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Жаратман чыгармачылык борбору» коомдук бирикмесинин 10 жылдык мааракесине карата Ош шаарындагы чыгармачыл топтордун катышуусунда тегерек стол өттү.

Иш-чарага Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Эльдияр Кадыркулов, Ош шаардык Жаштар иштери комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков жана жаштар уюмдарынын жетекчилери, мүчөлөрү катышты. Анда «ЖЧБ» негиздөөчүсүнүн бири Зайнидин Момонов, «Жигер» чыгармачыл жаштар борборунун президенти Дүйшөнбек Бектемир уулу жана «Ыйык Ата-Журт» коомдук жаштар фондунун мүдүрү Азизбек Садыков өз баяндамаларын жасашты.

Учурда өлкөнүн ар тараптан өнүгүп, жаштар демин бир багытка буруп, келечектин керегине жараган ишенимдүү жүзгө айлантуу үчүн чыгармачылык борборлордун орду чоң экени бүгүнкү тегерек столдо дагы бир ирет далилденди.

Бул менен бирге «ЖЧБ» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү да өз макалаларын окуп, иш-чара андан ары суроо-жооп форматында уланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер