ОШТОГУ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ

  • 23.09.2020
  • 0

Ош облустук билим берүү институтунда мамлекеттик тил күнү онлайн форматта уюштурулду. Иш-чарага республикабыздагы жалпы билим берүү кызматкерлери катышып, аны интернет колдонуучулар ютуб каналынан көрө алышты.

«Кыргыз тили биз үчүн бийик ордуң, Ала-Тоодой ар дайым бийик болгун!» аттуу иш-чаранын башында Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева облустагы билим берүү кызматкерлерин эне тил майрамы менен куттуктап, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министринин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гульнара Ибраимова өз ойлору менен бөлүштү. Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын Ош жана Жалал-Абад аймактары боюнча жооптуу өкүлү Алмагүл Телекманова да билим берүү кызматкерлерин  тил майрамы менен куттуктап, мамлекеттик тилдин учурдагы абалы жөнүндө токтолуп өттү.

Онлайн режиминде уюштурулган бул иш-чараны Ош облусунун бала бакчаларынын тарбиялануучуларынын жана мектеп окуучуларынын бийлери, алардын айткан «Манас» эпосунан үзүндүлөр жана тил боюнча көркөм окуулары коштоду.

Иш-чараны кайталап көрүүчүлөр үчүн шилтеме: https://youtu.be/6mwyG64Eqc0

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер