ОШТО ЖРТГА ДАЯРДОО БОЮНЧА ТӨРТ КҮНДҮК ОКУУ УЮШТУРУЛДУ

  • 04.02.2022
  • 0

Ош билим берүү институтунун базасында мектеп мугалимдерине окуучуларды ЖРТга даярдоо боюнча төрт күндүк семинар-тренинг жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган институттун директорунун орун басары Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Анын айтымында, аталган окуу КР Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн тапшырмасы жана колдоосу менен уюштурулуп, ага Ош облусуна караштуу райондордун кыргыз тили жана адабияты, ошондой эле математика мугалимдери катышты.

«Окуунун жүрүшүндө мугалимдер окуп түшүнүүнүн жеңил ыкмаларын, аналогияны, математикалык маселелерди чыгаруунун түрдүү жолдорун, логикалык суроолор менен иштөөнүн усулдарын өздөштүрүштү. Муну менен катар ЖРТга окуучуларды даярдоодо боюнча тажрыйбалуу адистер тренерлик кылган бул окууда, мугалимдер мектеп программасы менен ЖРТнын материалдарындагы өзгөчөлүктөрдү талдашты»,  — дейт Т.Досмуратов.

Бөлүшүү

Комментарийлер