ОШТО ЖЕТИ ДУБАНДЫН СТУДЕНТТЕРИНИН ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ

  • 19.06.2018
  • 0

22-24-июнда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Аймактарды  өнүктүрүү жылына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата  «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн! — III» аттуу ЖОЖдор арасындагы студенттердин достук фестивалы өтөт.

Фестивальга Ысык-КөлТаласНарынБаткенЖалал-АбадОш мамлекеттик университеттери жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту катышып, өз таланттарын жана маданий чеберчиликтерин жобонун негизинде эл алдында тартуулашат.

Эскерте кетсек 2016-жылдын 21-майында Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын жети мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ректорлору “Ош декларациясына” кол коюшкан. Ошол декларациянын алкагында билим берүү, тажрыйба алмашуу, илимий изилдөө, ички байланышты бекемдөө,  студенттер ортосундагы маданий достукту жайылтуу сыяктуу алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, ар бир окуу жылдын аягында ЖОЖдор кезектешип маданий багытта аталган фестиваль өткөрүп келишет. Фестивалдын демилгечиси катары алгачкы иш-чара 2016-жылы Ош мамлекеттик университетинде өтсө, 2017-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөн.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер