ОШТО ЖАШ ПЕДАГОГДОРДУН ТАЙМАШЫ ӨТҮҮДӨ

  • 10.04.2018
  • 0

12-апрелде Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Педагогикалык дебют — 2018” аттуу студенттердин республикалык сынак фестивалынын финалдык таймашы өтөт. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы маалымдады.

Аталган сынак жобого ылайык үч тур менен өтүп жатат. 1-туру ЖОЖдордун ичинде уюштурулуп, анда беш окуу жайдан 28 конкурсант жеңүүчү деп табылып, 2-турга жолдомо алышкан. Алардын ичинен бирөө Нарын мамлекеттик университетинен, тогузу Талас мамлекеттик университетинен, алтоо Кыргыз улуттук университетинен, алтоо Кыргыз-Өзбек университетинен, калган алтоо Ош гуманитардык-педагогикалык институтунан катышууда. Сынактын 2-туру 10-11-апрелде өтүп,  конкурсанттар адистиктери боюнча жалпы билим берүүчү мектептердин 20дан кем эмес окуучусу бар класстарда ачык сынак-сабактарды өтүшүүдө. Талапкерлерге уюштуруу тобу тарабынан сабак өтүүнүн үлгүсүн көрсөтүү максатында мыкты педагогдор атайын мастер-класстарды өтүштү.

2-турунан эң жогорку бал топтогон жети конкурсант финалга жолдомо алышып, алар ОГПИнин чоң залында төмөндөгүдөй тапшырмаларды аткаруу менен ат салышмакчы. Финалдык беттеште катышуучулар өздөрүнүн кесипкөйлүүлүгүн,  логикалык ой жүгүртүү өзгөчөлүктөрүн, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана  жеке таланттарын сахнада жалпыга тартуулоо менен блиц суроолорго жооп беришет. Андан сырткары көрсөтмө куралдарын көргөзмөгө коюшат.

Эскерте кетсек, аталган сынак фестиваль жыл сайын салттуу иш-чара катары институттун педагогика кафедрасы жана мугалимдердин билимин жогорулатуу бөлүмү тарабынан  уюштурулуп келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер