ОШТО ЖАШ МУГАЛИМДЕРДИН САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТТҮ

  • 21.02.2019
  • 0

Ош шаарындагы жаш мугалимдердин ортосунда «21-февраль – Эл аралык Эне тил күнүн» утурлай сармерден оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы, аталган иш-чаранын уюштуруучусу Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

ОШТО ЖАШ МУГАЛИМДЕРДИН САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТТҮ

Шаардагы №18 А.Навои атындагы мектеп-гимназиясынын базасында өткөн бул иш-чара Ош шаарындагы чыгармачыл жаш мугалимдердин башын бириктирүү, улуттар аралык достукту бекемдөө, шаарда жашап жаткан ар бир улуттун эне тилин даңазалоо жана аларга шык берүү максатында уюштурулган.

ОШТО ЖАШ МУГАЛИМДЕРДИН САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТТҮ

— Шаарыбыздагы билим берүү мекемелерине азыркы учурда жаш, чыгармачыл мугалимдер көп келе баштады. Мына ушул жигердүү мугалимдерибиздин башын бириктирүү, Эне тил майрамын белгилөө аркылуу түрдүү улуттагы кесиптештерибизди, жалпы эле жаштарды достукка үндөө негизги максатыбыз болду, — дейт Т. Досмуратов.

Кыргыз, өзбек, орус, татар жана башка улуттагы жаш мугалимдер катышкан сармерден оюну улуттардын тилин даңазалаган ыр-бийлер, көркөм окуулар, жаңылмачтар жана достукка үндөгөн ураан-чакырыктар менен коштолду. Иш-чаранын жүрүшүндө элибиздин улуттук оюндары да көрсөтүлүп, сармерденди көргөнү келген шаар жетекчилери, жалпы мугалимдер жана башка коноктордун алкоосуна татыды.

Соңунда, Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси З.Амирбеков, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынны Ош бөлүмүнүн төрагасы Б.Нурумбетов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Асанов жана шаардык маданият башкармалыгын башчысынын орун басары Б.Абасов жалпы катышуучуларды майрамы менен куттуктап, сармерденге жигердүү катышкандарды мактоо баракчалары менен сыйлашты.

 Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер