ОШТО «ЖАШ МУГАЛИМ» СЫНАГЫНЫН ФИНАЛДЫК БАСКЫЧЫ

  • 14.05.2019
  • 0

Ош шаарында 15-майда «Жаш мугалим-2019» кароо-сынагынын финалдык баскычы болот.

ОШТО "ЖАШ МУГАЛИМ" СЫНАГЫНЫН ФИНАЛДЫК БАСКЫЧЫ

2018-жылы «Жаш мугалим» сынагында баш байгеге №27 XXIV Партсъезд мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тайыр кызы Нургүл татыктуу болгон.

Финалдык сынакка шаардагы үч миңден ашуун мугалимдердин арасынан суурулуп чыккан, иш стажы үч жылдан өтпөгөн алдыңкы жети педагог тандалды. Алардын арасында №17 мектеп-гимназиянын музыка мугалими Кубатбек уулу Догдурбек; №8 мектеп гимназиясынын англис тили мугалими Одина Акбарова; Макаренко атындагы мектеп-гимназиясынын дене тарбия мугалими Мыктыбек Адишов; В.Терешкова атындагы мектептин дене тарбия мугалими Улукбек Исмайылов; Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынан мугалими Жапар кызы Бактыгүл;  №38 мектеп-гимназиянын башталгыч класстарынын мугалими Эркебай кызы Наргиза; ОшМУга караштуу «Ыйман» гимназиясынын тарых мугалими Таалайбек кызы Абида бар.

Сынактын финалдык баскычынын өзүнчө алты тандоо шарты бар:

1. «Менин педагогикалык өнөрканам» аттуу көргөзмө.

2. «Сапаттуу билимге такшалган мугалим» аттуу презентация. Катышуучулар педагогикалык концепцияларын коргойт.

3. Мастер-класс, педагогикалык кырдаалдан чыгуу.

4. Полиглот мүнөтү. Катышуучулар түрдүү педагогикалык терминдерди чечмелеп беришет.

5. Блиц-турнир. Финалисттерге чукул суроолор берилет.

6. «Өнөр кесип тандабайт». Мугалимдер кесиптик жана чыгармачылык өнөрүн элге тартуулашмакчы.

«Конкурстун биринчи баскычтарында катышкандар кыркка жакындады. Алар өздөрүнүн ачык сабактары менен сындан өтүштү. Катышуучулар үчүн социалдык сайттарда добуш берүү өткөрүлүп, андагы упайлар да кошулду»,-деди шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов.

Жаш мугалимдер сынагы Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмер Абдувахап Нурбаевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен өткөрүлүп жатат. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө шаар жетекчилери, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү баалуу белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырмакчы.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер