ОШТО «ЖАШ МУГАЛИМ — 2020»  СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 08.02.2021
  • 0

5-февралда Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмер Абдывахап Нурбаевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен өткөн жылы уюштурулган «Жаш мугалим – 2020» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун кызматкери, аталган иш-чараны уюштуруучулардын бири Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы жаш мугалимдердин арасынан суурулуп чыгып, сынактын буга чейинки баскычтарынан өтүп келген финалисттер жобонун негизинде стажы үч жылдан өтпөгөн билим берүү кызматкерлеринин арасынан тандалган. Алар Ош шаарындагы С. М. Киров атындагы №4 мектеп гимназиясынын башталгыч класс мугалими Акбермет Маатова, дагы бир башталгыч класстын мугалими, №7 Н. Нариманов атындагы мектеп гимназиясынын жаш адиси Айжаңыл Сатбалдиева, Озгур айылында жайгашкан №33 С. Алымкулов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Жаңылмырза Асан кызы, №50 П. Нышанов мектеп гимназиясынан катышкан орус тили жана адабияты мугалими Нурзат Ташполот кызы, өзбек тилинде окутуу жүргүзүлгөн №53 орто мектебинин дене тарбия мугалими Шерболот Жаныбек уулу, «Жетиген» мектеп-лицейине жаңыдан которулуп иштеп жаткан информатик Шайназар Нурали уулу жана Ош мамлекеттик университетине караштуу «Билим» биология мугалими Истанбек Азилбек уулу.

Сынактын буга чейинки баскычтары тууралуу токтоло кетсек, алгач мектептик баскычы өткөрүлүп, андан суурулуп чыккан катышуучулардын саны 30га чукулдаган. Андан тандалып чыккан 14 мугалимдин ачык сабактарына комиссия курамы өз баасын берген. Муну менен катар мугалимдер үчүн социалдык баракчаларда добуш берүү уюштурулуп, андагы упайлар да кошулду. Март айында башталган аралыктан окутууга байланыштуу андан кийнки ачык сабактары менен тарбиялык сааттарын видеосабак катары көргөзүшкөн.

«Аталган сынактын финалдык баскычы пандемияга байланыштуу токтотулуп, өтпөй калган. Ошентсе да бул баскычка чейин ат салышып келген жети жаш мугалимдин талыкпаган эмгегин эске алып, баарын сыйлоо чечими кабыл алынды», — дейт Т. Досмуратов.

«Жаш мугалим – 2020» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Ош гуманитардык педагогикалык институтунда өтүп, финалисттер Жогорку Кеңештин депутаты А.Нурбаевдин мактоо баракчалары, китеп түрүндөгү белектери, акчалай сыйлыктары, Жогорку Кеңештин ыраазылык баракчалары, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Ардак грамоталары, ошондой эле аталган институттун ректору, педагогика илимдеринин доктору Б.Зулуев тарабынан да китеп түрүндөгү белектер менен сыйланышты.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер