ОШТО «ЖАШ МУГАЛИМ — 2018» СЫНАГЫ ӨТӨТ

  • 21.11.2017
  • 0

Ош шаарында «Жаш мугалим — 2018» сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгын усулдук борборунун жетекчиси Кумарбек Раманов билдирди. Маалыматка ылайык бул сынак Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин демилгеси, ошондой эле демөөрдүгү менен өткөрүлгөнү жатат.

ОШТО «ЖАШ МУГАЛИМ - 2018» СЫНАГЫ ӨТӨТ

«Жаш мугалимдерге шык берүү максатында өтүп жаткан сынактын мектептик баскычы 2017-жылдын 1-декабрына чейин өткөрүлүп, жеңүүчү болгон мугалим тууралуу маалымат 5-декабрга чейин Ош шаардык билим берүү башкармалыгына билдирилет. Андан тандалган мугалимдер 2018-жылдын май айына чейин ачык сабактарды өтүп беришип, андан тышкары педагогикадагы түрдүү багыттар боюнча күч сынашып, жыйынтыгы финалдык баскычта, башкача айтканда май айынын соңунда чыгарылмакчы» дейт К. Раманов.

Жыл сайын республика боюнча өтүүчү «Жылдын мыкты мугалими» сынагына стажы 3 жылдан кем болбогон мугалимдер катышса, Ош шаарында алгач ирет өтүп жаткан «Жаш мугалим — 2018» сынагына стажы 3 жылдан ашпаган жаш мугалимдер катышмакчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер