Ошто үйүн камсыздандырган 20 жаранга кенемте төлөнүп берилди

  • 25.08.2023
  • 0

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан үйүн камсыздандырган 20 жаранга кенемте төлөнүп берилгенин билдиришти.

Ошто үйүн камсыздандырган 20 жаранга кенемте төлөнүп берилди

Мекеменин маалыматына ылайык, мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Ош шаарында табигый жана өрт кырсыгынан жабыркаган 20 жаранга чыгымдардын ордун толтуруу максатында 3 млн 296 миң 595 сом кайтарымсыз акча каражаты төлөнүп берилди.

Алсак, 24-июлда Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнүн Орке айылынын тургуну Дастанбек Жакыповдун үйү өрттөнүп кеткен. Ага өз турак жайын камсыздандырганы үчүн 400 миң сом акча каражаты тапшырылды.

Андан тышкары, Ырысбек Пиримкулов аттуу жаран лизингке алган ХОВО автоунаасын камсыздандырган. Жол кырсыгына кабылгандыктан 95 миң сом кайтарымсыз акча каражаты бөлүнүп берилген.

Бөлүшүү

Комментарийлер