ОШТО СТУДЕНТ КЫЗДАРДЫН ДОСТУК МЕЛДЕШИ ӨТТҮ

  • 17.12.2019
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунунда өлкөнүн Түштүк аймагындагы ЖОЖдордун кыздары ортосунда спорттун волейбол түрү боюнча биринчилик болуп өттү. Буга Жалал-Абад, Баткен жана Ош облусундагы бардык жогорку окуу жайларынын командалары катышып, күч сынашышты.

ОШТО СТУДЕНТ КЫЗДАРДЫН ДОСТУК МЕЛДЕШИ ӨТТҮ

ОГПИнин кыздар командасынын башкы машыктыруучусу Мирадилбек Орозматовдун айтымында, кыздар ортосунда волейбол боюнча мелдеш жыл сайын эки гана жолу болгондуктан, алардын спортко болгон кызыгуусун басаңдатпоо жана сергек жашоого үндөө максатында окуу жайлардын машыктыруучуларынын уюштуруусу менен өтмө кубок катары айлампа түрдө өткөрүлүүдө.

ОШТО СТУДЕНТ КЫЗДАРДЫН ДОСТУК МЕЛДЕШИ ӨТТҮ

Кыздардын кызуу беттеши алардын волейбол чебери экенин далилдеди. Таттуу таймаштын жыйынтыгы жеңүүчүнү аныктап, 3-орунга Кыргыз-Өзбек университети, 2-орунга Ош гуманитардык-педагогикалык институту ээ болсо, 1-орунду Ош мамалекеттик университетинин «Ак-Буура» кыздар курама командасы багындырып, уюштуруу тобу тарабынан кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Эскерте кетсек, мелдеш буга чейин Ош мамлекеттик университетинде өткөн. Кийинкиси Кыргыз-Өзбек университетине өтөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер