ОШТО ОКУУЧУЛАР СЫНАГЫ: «ЧЫҢГЫЗ PAINT»

  • 21.11.2018
  • 0

Ошто залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата мектеп окуучуларынын арасында «Чыңгыз Paint» аттуу компьютерде сүрөт тартуу сынагы болуп өттү. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен 5-7-класстар үчүн уюштурулган бул сынак мектеп окуучуларынын компьютердин жардамында өнөрүн көрсөтүү менен алардын талантына шык берүү максатында пландалган.

ОШТО ОКУУЧУЛАР СЫНАГЫ: «ЧЫҢГЫЗ PAINT»

ОШТО ОКУУЧУЛАР СЫНАГЫ: «ЧЫҢГЫЗ PAINT»

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Н. Касымбаевдин билдирүүсүнө караганда? быйылкы окуу жылынан тарта 5-класстардан баштап өтүлүп жаткан информатика сабагында компьютердик Paint программасы окутулат. Анын айтымында бул сынакты өткөрүү менен окуучуларыбыз аталган программаны канчалык өздөштүргөнүн байкоого болот.

Ал эми башкармалыктын усулчусу Ж. Токтошеванын айтымында, билим берүүнүн жаңы стандартына ылайык көркөм өнөр боюнча сабак берген мугалимдер компьютерди тийиштүү деңгээлде өздөштүрүшү керек.

«Алардын иш аракетин мына ушундай сынактарга катышкан окуучусунун натыйжасы менен баалай алабыз. Бул сынакка окуучуну даярдоодо сүрөт мугалимдери, адабиятчылар жана информатиктер биргеликте иштешти» — дейт Ж. Токтошева.

Сынактын жыйынтыгында Ош шаарындагы № 32 Ж. Мамытов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Айтиева Айжамал баш байгени багындырды. № 5 Ж. Бөкөнбаев атындагы мектеп гимназиясынын 6-классынын окуучусу Шарабидинов Нурислам 1-орунду, № 3 Ломоносов мектеп гимназиясынын 6-классынын окуучусу Аманкулова Самира 2-орунду, № 7 Нариманов мектеп гимназиясынын 6-классынын окуучусу Кадырова Нуржахонбегим 3-орунду ээледи.

Алардын эмгектери төмөнкү галереяда.

 

ОШТО ОКУУЧУЛАР СЫНАГЫ: «ЧЫҢГЫЗ PAINT»

ОШТО ОКУУЧУЛАР СЫНАГЫ: «ЧЫҢГЫЗ PAINT»

ОШТО ОКУУЧУЛАР СЫНАГЫ: «ЧЫҢГЫЗ PAINT»

ОШТО ОКУУЧУЛАР СЫНАГЫ: «ЧЫҢГЫЗ PAINT»

Бөлүшүү

Комментарийлер