ОШТО ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА ӨТКӨН “КАНАТТУУЛАР” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 16.04.2018
  • 0

Ош шаарындагы балдардын чыгармачылык борборунда окуучулар арасында “Канаттуулар” сынагы болуп өттү.

Сынак туризм, аймак таануу бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага 5-6-класстардын окуучулары катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — окуучулардын жаратылышка, канаттууларга болгон мамилесин жакшыртуу, аларга аяр мамиле жасоо.

Сынакка жалпы беш команда катышып, ар бир команда канаттууларга уя жасоо, аларга кам көрүү, кыймылдуу оюндар, канаттуулардын үнүн тууроо боюнча баскычтардан өтүп, концерттик прогаммаларды тартуулашты.

Жыйынтыгында эң көп 97 упай топтогон «Белая лебедь» командасы жеңишти камсыз кылды. Ал эми 2-орунду 87 упай менен «Шумкар» командасы жана 3-орунду 82 упай менен «Птица счастья» командасы ээлешти. Ар бир катышуучуга уюштуруучулар тарабынан грамоталар тапшырылып, белектер ыйгарылды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер