ОШТО ОКУТУУЧУ АЙЫМДАР МЕЛДЕШТИ

  • 06.03.2019
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында өлкөнүн түштүк аймагындагы ЖОЖдордун 40 жаштан жогорку курактагы окутуучу айымдары ортосунда волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы билдирди.

ОШТО ОКУТУУЧУ АЙЫМДАР МЕЛДЕШТИ

Аталган мелдеш Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын демилгеси менен Ош шаардык аялдар кеңеши жана КР Волейбол федерациясынын Оштогу бөлүмүнүн колдоосу астында «Дени сак аял — дени сак улут» аттуу ураандын негизинде 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Мелдештин ачылышына Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, ЖК депутаттары Карамат Орозова, Айнура Осмонова, Ош шаардык Аялдар кеңешинин төрайымы Х.Сүйөркулова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ЖОЖдордун жетекчилери катышты.

ОШТО ОКУТУУЧУ АЙЫМДАР МЕЛДЕШТИ

Мелдешке ОшМЮИнин, ОшКУУнун, ОшТУнун, ОшМУнун жана ОГПИнин командалары катышып,  жыйынтыгында III орунду ОшТУнун, II орунду ОшМУнун, ал эми I орунду ОГПИнин командасы ээлеп, жеңген командалар жана мелдеш учурунда өзгөчө оюн көрсөткөн мыкты оюнчулар уюштуруу тобу тарабынан диплом, акчалай сылык жана белектер менен сыйланышса, мелдешке  активдүү катышкан улуу муундагы эжейлерге А.Касымалиева Жогорку Кеңештин алкыш баракчасын тапшырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер