ОШТО МЫКТЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР БААЛУУ БЕЛЕКТЕР МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

  • 23.07.2020
  • 0

2019-2020-окуу жылында ийгилик жараткан Ош облусундагы бүтүрүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунан Асида Бабакулова билдирди.

ОШТО МЫКТЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР БААЛУУ БЕЛЕКТЕР МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Маалым болгондой, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээлерине, жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай топтоп, “алтын сертификат”  алган окуучуларга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев тарабынан баалуу белектер берилди.

Сыйлоо аземинин жүрүшүндө У.Жылкыбаев бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, мындан ары жогорку окуу жайда да көптөгөн жетишкендиктерге жетүүсүнө тилектеш экенин билдирди.

«Алтын сертификат» алган эки  окуучуга ноутбук, ал эми республикалык олимпиаданы жеңген тогуз окуучуга, «Алтын тамга» аттестатын алган он төрт окуучуга уюлдук телефондор ыйгарылды.

Мындан сырткары “алтын сертификатка” ээ болгон эки окуучуну даярдаган мугалимдерге он миң сомдон сыйлык берилди.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер