ОШТО МЕТОДИКАЛЫК СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

  • 05.08.2026
  • 0

Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университеттин базасында жаңы 2026-2027-окуу жылына карата даярдыктан өтүү боюнча методикалык семинар башталды.  Семинар 7-августка чейин уланып, төрт күнгө созулат. Жалпы Ош, Жалал-абад жана Баткен областы боюнча 256 тренер катышып жатат.

ОШТО МЕТОДИКАЛЫК СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

Тренерлер Агартуу министрлигине караштуу Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институт, Кыргыз билим берүү академиясы жана Окуу китеби мамлекеттик мекемесинин методист-адистери болуп саналат.

ОШТО МЕТОДИКАЛЫК СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

ОШТО МЕТОДИКАЛЫК СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

ОШТО МЕТОДИКАЛЫК СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

Методисттер өз кезегинде жер-жерлердеги мектеп мугалимдери менен иштешип, жаңы окуу жылына карата методикалык сунуштар жана жаңылануулар тууралуу пикир алышып, даярдыктан өтүшөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер