ОШТО МЕКТЕПТИК МЕДИА БУРЧТАРДЫН ФОРУМУ ӨТӨТ

  • 01.12.2022
  • 0

ОШТО МЕКТЕПТИК МЕДИА БУРЧТАРДЫН ФОРУМУ ӨТӨТ

Ош шаарында 2-декабрда жыл сайын өтүүчү мектептик медиа бурчтардын V республикалык форуму өтөт.  

Форумдун негизги максаты — ММСти жайылтууга, сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана мектеп окуучуларынын сабаттуу маалымат керектөөсүнө көмөктөшкөн мыкты демилгечи медиа бурчтарды колдоо.

Форум Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлиги, Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда, “МедиаСабак” Фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы менен билим берүү тутуму аркылуу калктын медиа-маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча түзүлгөн меморандумдун алкагында уюштурулат.

«Медиа бурчтарды социалдык тармакта жакшыртуу жана суроо-талапка ээ контентти түзүү» деп аталган форумга мектеп мугалимдери, мектеп окуучулары, жалпы эле билим берүү жаатындагы адистер жана ЖМК, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.

Форумдун алкагында заманбап медиа-каналдарды жана санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен заманбап тенденцияларды жана медиа-контентти жайылтуу тенденцияларын сунуштоо менен талкуулар уюштурулат. Муну менен катар, алдыңкы мектептик медиа бурчтардын презентациялары тартууланат.

Эске салсак, мектептер арасындагы «Мыкты медиа бурч» сынагы 8-октябрда жыйынтыкталган. Бул сынактаны жеңүүчүлөрү да форумда жарыяланат. Аталган сынактын негизги айырмачылыктары – медиа-маалыматтык сабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү багыттары гана эмес, дүйнө жүзүнө чоң таасирин тийгизген COVID-19 пандемиясынан кийинки билим берүүдөгү өзгөрүүлөр менен да байланыштуу болгондугунда.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер