ОШТО МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЭЛЕКТРОНДУК СИСТЕМАДА ӨТҮҮДӨ

  • 10.01.2018
  • 0

Ош шаарында предметтик олимпиада быйыл да электрондук түрдө өтүп, ага жалпы 1 700 гө жакын окуучу 11 предмет (түрүнө карап бөлгөндө 18 багыт) боюнча катышууда. Олимпиадада окуучулар берилген суроолорго белгиленген убакыттын ичинде жалаң компьютерде тест аркылуу жооп беришүүдө. Окуучулардын  канча суроого туура жооп бергендиги, канчасына туура эмес жооп бергендиги жана анын канчанчы орунду алгандыгы акыркы суроонун жообун басканда эле дароо автоматтык түрдө компьютерде чыгарылып, жеке окуучунун компьютеринде гана эмес сыртта балдарын күтүп отурган ата-энелерге дагы электрондук тактада көрсөтүлүп жатканын Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалым болгондой, мындай ыкма окуучулардын дагы, ата-энелердин дагы ишенимин арттырат. Экинчиден, окуучулар мурункудай кагазга чыгарылган олимпиаданын жыйынтыгын сааттап, күндөп күтүп отурушпайт.

  • Быйылкы олимпиаданын дагы бир өзгөчөлүгү – окуучулардын видео каттоодон өткөндүгү. Бул ар кандай талаш-тартыш маселелер чыкканда дагы туура, далилдүү жана адилеттүү чечкенге жол ачат. Андан сырткары мурдагыдай окуган жеринен справка талап кылынбайт. Бир тараптан ал справканы жаздыртып, андагы фотосу үчүн окуучунун убакыты менен акчасы коробойт.

Олимпиада электрондук түрдө гана өтпөстөн, анын суроолору болсо мурункудан башкачараак түзгөнгө аракеттер болду. Башкача айтканда суроолордун бардыгы баланын андан аркы турмушуна, келечегине байланыштуу кылып түзүлгөн.

Төрт жыл мурдагы олимпиадада алгач пайдаланылган тест программасы Орусиядан алынган болсо, үч жылдан бери аны атайын буюртма менен кыргыз тилинде жасатып, ал программа менчиктештирилди. Олимпиаданын мындай система менен өткөрүүнүн жыйынтыгы жакшы болуп, окуучулардын бул жааттагы билими да кемелденди, — дейт Т.Досмуратов.

Олимпиаданы электрондоштуруунун максаты – окуучулардын билимин так жана калыс баалоо, убакытты үнөмдөө, эң негизгиси жаш муундарды келечектеги адилеттүү жашоого болгон ишенимин арттыруу болду.

  • Эске сала кетсек, мектеп окуучулар арасында предметтик олимпиада шаарыбызда төртүнчү жолу электрондук ыкма менен өтүп, анын жүрүшү менен жеринен таанышуу максатында буга чейин Ош шаарынан мэри Айтмамат Кадырбаев келип, мектеп окуучулары менен жолугушкан. Калаа башчысы баш болгон башка жетекчилер бул ыкманын мындан ары да такай улантылуусуна ар тараптан колдоо көрсөтөөрүн айткан. Ал эми Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги олимпиаданы электрондук ыкмада уюштурууну пилоттук түрдө Ош шаарында гана өткөрүүгө уруксат берген, — дейт Тынчтыкбек Досмуратов.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер