ОШТО МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОКУУЛАР СИСТЕМАЛУУ ТҮРДӨ УЮШТУРУЛУУДА

  • 21.12.2020
  • 0

Ош билим берүү институтунун 2020-2021-окуу жылына карата түзгөн планына ылайык медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча окуулар системалуу түрдө уюштурулууда. Бул тууралуу аталган институттун директору Гульмира Турдубаева билдирди.

ОШТО МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОКУУЛАР СИСТЕМАЛУУ ТҮРДӨ УЮШТУРУЛУУДА

Маалыматка ылайык эки жумалык өз билимин өркүндөтүү курсуна келген бардык предметтик тайпаларга медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча окуу бир күндөн каралып, лекция жана практикалык сааттар өтүлөт. Мындан тышкары жыл ичинде 3 ирет «Медиа жана маалыматтык сабаттуулук» программасы боюнча атайын 72 сааттык курс да пландалып, учурда анын экинчи агымы жүрүп жатат.

ОШТО МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОКУУЛАР СИСТЕМАЛУУ ТҮРДӨ УЮШТУРУЛУУДА

«Бул окууга катышкан мугалимдер эң оболу Google кызматтарын өздөштүрүү менен билим берүүдөгү артыкчылыктуу платформалар менен таанышышат. Муну менен катар билим берүү аркылуу медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылтуунун ыкмаларын үйрөнүшөт. Лекцияларда салттуу медиа менен жаңы медиа, сынчыл ойлом жана маалыматтын чын-төгүнүнүн аныктоочу куралдар өңдүү маалыматтар менен таанышышат» — дейт Г. Турдубаева.

.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер