ОШТО МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАЛАР ЖАЙЫЛТЫЛДЫ

  • 11.11.2021
  • 0

5-ноябрда Ош шаарындагы медиа жана маалыматтык сабаттуулук жаатында иш алып барган алдыңкы мугалимдердин жана мектептердин медиа бурчтарынын алдыңкы иш тажрыйбаларын жайылтуу иш-чарасы болду. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучусу, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Руслан Закиров билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош облусунун Ноокат районундагы мектептердин медиа боюнча жооптуу мугалимдери, Ош билим берүү институтунан өкүлдөр, ошондой эле облустун райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн бул багыт боюнча бирден жооптуу кызматкерлери катышты.

«Биз облустан келген кесиптештерге медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча 2018-жылдан бери аткарып келе жаткан иштерибизди көрсөттүк. Мындан тышкары шаарыбыздагы медиа бурчу мыкты иштеп жаткан №4, №8, №16, №18 жана №52 мектептин алдыңкы иш-тажрыйбалары менен бөлүштүк» — дейт Р. Закиров.

Бөлүшүү

Комментарийлер