ОШТО ХОРЕОГРАФТАР БИЛИМДЕРИН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

  • 12.12.2019
  • 0

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Билим берүү жана илим министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору менен бирдикте Ош шаарындагы жана Ош облусундагы хореографтар үчүн “Бийдин да дили бар” аттуу эки күндүк акысыз мастер-класс өткөрүштү. Бул иш-чарага 60тан ашык педагогдор катышып, билимдерин өркүндөтүштү.

ОШТО ХОРЕОГРАФТАР БИЛИМДЕРИН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакованын берген маалыматына таянсак, быйыл Президент С.Жээнбековдун  “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү”  Жарлыгына ылайык, борбордун кесипкөй педагогдору региондорго чыгып, хореографтар, башталгыч класстын мугалимдери үчүн мастер-класс өткөрүшүүдө.

  • Региондогу кошумча билим берүү мекемелеринин педагогдору борбор калаага келип, билимдерин өркүндөтүп кетүүгө шарттары да, мүмкүнчүлүктөрү да жок. Андыктан Ош облусунун жана Ош шаарынын мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин суранычы боюнча жакында Ош шаарына барып, мастер-класс өткөрүп келдик. Каалоочулар абдан көп болду, анткени бул иш-чара акысыз өткөрүлдү. Эң кызыгы жаш курагы бир топко жетип калган башталгыч класстын мугалимдери, жада калса ата-энелер да келип катышты. Биз эстрада жана заманбап бий боюнча федерациянын жетекчилиги, Ош шаарындагы “Келечек” балдардын борбору менен сүйлөшүп, ушул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрдүк. Биздин хореографтар классика, элдик жана эстрада бийлеринин элементтерин көрсөтүштү. Албетте, эки күн аздык кылат, бирок ушул күндөрү саат 9.00дан  кечки саат 19.00го чейин педагогдор кетпей, бий өнөрүн үйрөнүштү. Ооба, биздин мугалимдер үчүн кыйынчылык болду, анткени бий жөнүндө дегеле түшүнүгү жоктор да келип алышыптыр. Алар менен бир топ чайналышты. Мындан тышкары, ушул иш-чаранын алкагында Ош шаарындагы балдардын чыгармачылык борборлорунун тарбиялануучулары үчүн сынак өткөрүлдү. Булардын арасында бий ийримин алып жүрүшкөн эки педагогду биз Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун сырттан окуу бөлүмүнө сунуштаганбыз. Азыр алар окуп жатышат, — дейт С.Челпакова.
  • ОШТО ХОРЕОГРАФТАР БИЛИМДЕРИН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

Ошентип эки күндүк иш-чарада оштук педагогдор бий өнөрүнүн бир топ элементтери менен таанышып, бир эле окуучулар үчүн эмес, мугалимдерди да үйрөтөбүз деген дем менен үйлөрүнө кайтышты. Жыйынтыгында педагогдор Билим берүү жана илим министрлигинин,  Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун сертификатын алышты.

ОШТО ХОРЕОГРАФТАР БИЛИМДЕРИН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

Педагогдор эмне дейт?

Рахманберди Назаров, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору:

  • Биздин борбордо ондон ашык усулчулар иштейт. Төрт багытта иш жүргүзөбүз. Улуттук тил жана маданият бөлүмүндө таланттуу окуучулар менен вокал, улуттук аспаптар, улуттук бий боюнча ийримдер иштейт. Райондук, облустук, шаардык балдардын чыгармачылык борборлоруна чыгып, семинарларды уюштуруп турабыз. Окуу программанын аткарылышын көзөмөлдөп, мастер-класстарды өткөрүп турабыз. Мындан сырткары, техникалык чыгармачылык бөлүмүндө илимий-техникалык олимпиадаларды өткөрүп, инженердик багыттагы ойлоп табуучу окуучулар менен иш алып барабыз. Туризм жана экология,  кол өнөрчүлүк багытында да сөзгө аларлык иштерди аткарып жатабыз. Ушул төрт багыттагы ийримдерде 1000 ашык окуучулар билим алышууда. Биз эң тыгыз иштешип жаткан — бул “Сейтек” борбору. Бул борбордо улуттук бийлерге өзгөчө көңүл бурулат. Биздин педагогдор “Бийдин да дили бар” аттуу республикалык мастер-класска ар дайым катышып келишет. “Келечек” чыгармачылык борбору жакшы ишти баштады. Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында хореографтарды алып келип, Ош шаарында жана облустагы бий ийримдеринин мугалимдерин топтоп, эки күндүк мастер-класска катыштырды. Билим берүү жана илим министрлигинин сертификатын алышты.  Билим берүү министри  Каныбек Исаковго “Сейтек” борбору аркылуу семинар уюштуруп бергенине ыраазычылык билдиребиз. Педагогдор жаңылыктарга суусап турган чакта келип, билимдерин өркүндөтүп кетишти.
  • ОШТО ХОРЕОГРАФТАР БИЛИМДЕРИН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

Топчубай Оторбаев, хореограф, Ош шаары:

  • 2013-жылы институтту аяктап, дипломду колума алып, айылга барсам, жумуш жок. Кайра Ошко келип, Бөкөнбаев мектебине аз эле айлыкка макул болуп, ишке киргем. Окуучуларды топтоп, бий ийримин ачкам. Биринчи ачылганда 10-15 окуучу болчу, кийин көбөйө баштады. “Келечек” балдардын чыгармачылык борборуна которулуп, бий боюнча фестивалдарга, сынактарга катыша баштадык. “Сейтек”, “Балажан” борборлору мени бийге шыктандырды. Анткени алар бий боюнча билими жок педагогдорду үйрөтүп, сертификат беришет экен. Ошондон баштап бийге болгон көз карашым өзгөрдү. “Сейтектин” мастер-классына баргандан кийин, эки күн калып, “Шаттык” үлгүлүү бий ансамблинин иши менен таанышып, ошондон кийин бий тобумду “Шаттыктын” деңгээлине жеткирем  деп иштей баштагам. Учурда 100 окуучу бар. Алты жылдын ичинде Астана шаарында өткөн сынакка катышып,  1-орунду алып келдик, Ташкентке барып 2-орунга татыктуу болдук.  Хореография боюнча жогорку билимдүү болоюн деп “Сейтек” борборунун сунушу менен Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун сырттан окуу бөлүмүндө окуп жатам.

Эсенбай Маматов, Алай районунун балдардын чыгармачылык борборунун хореографы:

  • Ийримде иштегениме 29 жыл болду. Райондук, облустук, республикалык кароо-сынактарга катышып, 1-орунду бербей келатабыз. Кээде 2-орунга чыгып калабыз. Мастер-класс сөзсүз керек. “Сейтекке” 2009-жылы барганда Э.Латыповдун ачык сабагына катышкам. Ал жердин деңгээли, албетте, башкача.

Гүлзада Усупбекова, хореограф, Кара-Суу району:

  • 2010-жылдан бери “Наристе” бий тобун жетектейм. Мындай мастер-класска биринчи жолу келишим. Эки күн бою Билим берүү жана илим министрлиги менен “Сейтек” борбору атайын Ош облусуна келип, эки күндүк мастер-класс уюштурушуптур. Көбүнчө мугалимдер борборго барганга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Башкача мастер-класс болду. Бир жылда 3-4 жолу келип, сабак өтүшсө жакшы болмок. Грузин, татар, классикалык бийлердин элементтерин үйөндүк.

Диана Замирбек кызы, Өзгөн райондук балдардын чыгармачылык борборунун педагогу:

  • Быйыл ишке жаңы киргемин. Тажрыйбам аз. Жаңы таржрыйбаларды, ыкмаларды, биз билбеген көп нерселерди үйрөндүк. Мындай мастер-класстар көп болсо, анткени борборго барганга шартыбыз жок. Эми мен мугалимдерди, окуучуларды үйрөтөм.

Аида Жакыпбаева, “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун директору:

  • Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде мастер-классты уюштуруп бердик. Мастер-классты эстрада федерациясынын педагогдору өтүштү. Шаардан 40, региондордон 30 педагог келип катышты. “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпаковага ыраазычылык билдиребиз. Бий өнөрү боюнча жаңылыктарга суусап турган мезгилде келгендери бизди абдан кубандырды.

Абдыкалык Акжолов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси:

— “Сейтек” борборунун жасап жаткан иштери өсүп келаткан жаш муунга пайдасы өтө чоң. Биринчиден, ден соолуктары чың, экинчиден, руханий байлыгы өсөт. Ошондуктан “Сейтек” борбору жасап жаткан практикалык иш-чаралары салтка айланып, жаш муундарды ар кандай жаман жолдордон, кырсыктардан, кылмыштуулуктан сактап калуу жагы жакшы жолго коюлган. Балдарды бош койбой, ушундай иштерге көбүрөөк тартсак келечекте алар Кыргызстандын татыктуу жаштарынан болуп чыгат. “Сейтек” борборунун жетекчилигине, хореографтарына жакшы тилектерди каалайм.

ОШТО ХОРЕОГРАФТАР БИЛИМДЕРИН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

Касымбек Көкелов, Улуттук маданий борборунун чыгармачылык бөлүмүнүн башчысы:

  • Ош шаарында эки күндүк мастер-класска барып келдик. Абдан жакшы өттү. Каалоочулар абдан көп экен. Ушундай иш чара тез-тез болуп турса экен дешти. Салтка айланталы деп суранышты. Балдар чыгармачылык борборунун кароо-сынагына катыштык, көрүп келдим. Кыргызстанда бий жанры өнүгүп-өсүп жатканы көрүндү. Хореографияны жалпы билим берүү программасына киргизсек жакшы болмок, окуучулар жалпы түшүнүк алышмак.

Владимир Кузнецов, хореограф, Бишкек шаары:

  • Өзүндүн билген тажрыйбаң менен бөлүшүү абдан кызыктуу. Заманбап бий боюнча негизги жана базалык кыймылдарды көрсөттүм. Бир топ эле кыйын болду, анткени жаш курагы өтүп калган педагогдор келишти. Жыгылышты, бирок аракеттин негизинде үйрөнүштү. Кайсы жерде болбосун, кайсы жерде жашашбасын, бий өнөрүн үйрөнөм дегендер үчүн билген маалыматтарыбыз менен бөлүштүк. Биздин мастер-класстан эмне алышты, эмнеси жакты, эмнеси жаккан жок деп сурасам, баары тен жакшы болгонун белгилешти. Мындай мастер-класстар хореографтардын өсүшүнө стимул берет. Негизи мындай мастер-класстарга баруу үчүн акча төлөп барабыз, айрымдарынан маалымат алсак, айрымдарынан дегеле эч нерсе алалбайбыз. Бизди кубантканы, иш-чаранын катышуучулары көп нерсени алышканын айтышты.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер