БАШКЫ МАКСАТ — БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИНТЕГРАЦИЯ
- 13.10.2023
- 0
2023-жылдын 13-октябрында Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ЖОЖдорунун ректорлорунун III форуму өз ишин баштады.
Эки өлкөнүн ректорлорунун lll форуму
ОшМУнун базасында өтүп жаткан Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун III форуму пленардык отурумдар менен башталды. Мында “Заманбап университеттердеги илим жана инновациялар”, “ЕАЭБдын экономикасын өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоо” , “Келечектин педагогикасы: окутуунун жана тарбиялоонун жаңы ыкмалары” темаларынын баяндамалар окулуп, талкуулар орун алды.
Форумдун максаты билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын билим берүү тутумун интеграциялоо жана кадрларды биргелешип даярдоо маселелерин талкуулоо болуп саналат.
Форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын 80ден ашуун ректорлору катышууда.
Форумда Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү аймактарды өнүктүрүүдө ЖОЖдордун ролун, эки өлкө ЖОЖдорунун кызматташтыгын, атап айтканда, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүк долбоорлорун, жогорку окуу жайлардын биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, илимий изилдөө иштерин, квалификацияны жогорулатуу программаларын жана кесиптик кайра даярдоо программаларын, жаштар форумдарын, жайкы жана кышкы мектептерди уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Уюштуруучулардын айтуусунда, жыйын билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын аныктоо, евразиялык интеграцияны өнүктүрүү алкагында Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тутумун биргелешип даярдоо жана интеграциялоо маселелерин талкуулоо жана Евразия экономикалык биримдигине бирдиктүү билим берүү процессин түзүү максатында өтүүдө.
Форумдун уюштуруучуларынын катарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ассоциациясы, Россия Федерациясынын ректорлор союзу, Ош Мамлекеттик университети, М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети бар.
Форумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда 51 келишим түзүлдү. Анын ичинен 10 университет: Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университети, Москва мамлекеттик лингвистикалык университети, А.С. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институту, Казан федералдык университети, Челябинск мамлекеттик университети, Н.И. Лабочевский атындагы Нижний Новгород мамлекеттик улуттук изилдөө университети, Түштүк федералдык университети, В.Г.Короленко атындагы Глазов мамлекеттик инженердик-педагогикалык университети, Калмык мамлекеттик университети, Түндүк-Батыш мамлекеттик университети менен ОшМУ эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол койду.
2019-жылдагы биринчи форумдун аянтында ОшМУ Россиянын 13 университети менен эки тараптуу келишим түзсө, экинчи форумдун жүрүшүндө М.В. Ломоносов, И.М.Сеченов атындагы Биринчи Москва мамлекеттик медициналык университети жана Россия мамлекеттик гуманитардык университети менен келишимдерге жетишкен.
Учурда Ош мамлекеттик университети Россиянын 77 университети менен эки тараптуу түзүлгөн келишимдердин алкагында кызматташып келет. Анын ичинен 21 багыт боюнча кош дипломдуу билим берүү программаларын ишке ашырууга багытталган меморандумга кол койгон. Кош дипломдуу билим берүү программаларынын 12си учурда ийгиликтүү ишке ашууда.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын март айында Бишкек шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ЖОЖдорунун ректорлорунун биринчи форуму өткөн. 2022-жылдын 8-июнунда Екатеринбург шаарында Борис Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин базасында IX орус-кыргыз аймактар аралык конференциясынын алкагында Орусиянын жана Кыргызстандын ЖОЖдорунун ректорлорунун II форуму болуп өткөн.
Кыргыз-Россия Славян университети — кызматташтык башаты
Мындан бир күн мурун, 12-октябрда, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин 30 жылдыгына арналган салтанатка катышып, Кыргыз-Россия славян университетинин жамаатын жана студенттерин юбилейи менен куттуктады. Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков, Сибирь федералдык университетинин ректору Максим Румянцев, Санкт-Петербургдагы Улуу Петр политехникалык университетинин ректору Андрей Рудской да юбилейлик иш-чараларга катышты.
Догдуркүл Кендирбаева юбилейлик иш-чарада: «2050-жылга чейин Кыргыз-Россия Славян университети кандай болушу керек? Биринчиден, Кыргызстандын жаштары үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү жана суроо-талапка ээ болушу керек. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттердин кызыкчылыгын арттырып, дүйнөлүк деңгээлдеги профессорлор менен алдыңкы изилдөөлөргө катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ жана инновациялык жогорку окуу жайы болушу зарыл», — деп билдирди.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамына сыйлыктарды тапшырды.
Россия Федерациясынын алгачкы Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин 30 жылдыгына карата 11-13-октябрь аралыгында бир катар иш-чаралар пландаштырылып, программанын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференция, кыргыз-орус медиа форуму, тегерек столдордун өтүүсү, кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюу аземи болуп өттү.
Археологиялык музей — окуу жайдын сыймыгы
Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин 30 жылдыгына арналган салтанаттын алкагында окуу жайдын Археологиялык музейи менен таанышып чыкты.
Мында 2,5 кылымга тете Ысык-Көлдүн түбүнөн табылган буюмдар, университеттин окумуштууларынын археологиялык изилдөөлөрү жана башка байыркы дүйнөнүн кызыктарына күбө болууга болот.
Музейде диний баалуулуктарга тийиштүү табылгалар да бар, мисалга Будданын эстелиги менен катар христиан жана ислам ишенимине тийиштүү буюмдар да коюлган. Мунун өзү Ысык-Көл аймагы аркылуу Улуу Жибек Жолу өтүп, тогуз жолдун тоому аталган цивилизациянын очогу болгонунан кабар берет.
Белгилесек, Кыргыз-Россия Славян университети суу түбүнөн археологиялык изилдөө жүргүзгөн уникалдуу жалгыз окуу жайы.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер