Ошто Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээсин салтанаттуу тосуп алышты

  • 25.08.2023
  • 0

«Ош» эл аралык аэропортунда грек-рим күрөшү боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси Жантөрө Мирзалиев салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошто Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээсин салтанаттуу тосуп алышты

Мэриядан билдиришкендей, ага Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана жакындары катышып, күмүш медал ээсин куттуктап, ийгиликтерди каалашты.

Бир күн мурун Жантөрө Мирзалиев Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн 60 килограммга чейинки салмак ченинде Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлеген.

Бөлүшүү

Комментарийлер