ОШТО БИМДИН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН КӨЧМӨ ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ

  • 01.04.2021
  • 0

Ош шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясынын көчмө жыйыны болуп өттү. Ош мамлекеттик университетинин базасында өткөн жыйынга Алмазбек Бейшеналиев баш болгон министрликтин жетекчилиги, ошондой эле аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жалпы билим берүүчү уюмдардын, кесиптик окуу жайлардын жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышышты.

ОШТО БИМДИН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН КӨЧМӨ ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ

Көчмө жыйында билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды оптимизациялоо, коррупцияны алдын алуу боюнча иш-чараларын ишке ашыруу маселелери боюнча баяндамалар жасалды.

ОШТО БИМДИН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН КӨЧМӨ ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ

Жыйындын күн тартибине ылайык билим берүү уюмдарын жана билим берүү программаларын аккредитациялоонун (институционалдык жана программалык аккредитациялоонун) жыйынтыктары каралып, Кыргызстанда Жогорку окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумун өткөрүү, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелердин мугалимдери жана окуучулары үчүн «Мектеп – биздин жашыл үйүбүз» аттуу экологиялык сынакты уюштуруу маселелери талкууланды.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер