ОШТО БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 16.09.2021
  • 0

15-сентябрда Ош шаарындагы мектептерде билим күнү белгиленди. Шаар мэри Алмаз Мамбетов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова № 52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинде болгон майрамдык иш-чарага катышып, мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелер жаны окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Ош    шаарында 81 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт, анын ичинен 55 мамлекеттик жана 26 жеке менчик мектеп бар.  Шаар боюнча 3 277 мугалим эмгектенет.

2021-2022-окуу жылынын 15-сентябрына карата электрондук кезек аркылуу 1-класстарга 7369 окуучу кабыл алынды.   Мамлекеттик жана жеке менчик мектептерге кабыл алынган окуучулардын так саны 2021-жылдын 20-сентябрына чейин аныкталат.

Шаар боюнча 3 277 мугалим 77 832 окуучуга  тарбия-таалим берүүдө.   Мамлекеттик   мектептерге тартылган окуучулардын саны – 72 250, жеке менчик мектептердеги окуучулардын саны – 5 582.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер