ОШТО 5-8-КЛАССТАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ӨТТҮ

  • 13.11.2018
  • 0

Ош шаарындагы мектептердин 5-6-7-8-класстардагы окуучуларынын тесттер менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу, алардын мониторингин жүргүзүү, ошондой эле олимпиадалык топтордун даярдыгын күчөтүү максатында предметтик олимпиада шаардык деңгээлде өткөрүлдү.

ОШТО 5-8-КЛАССТАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ӨТТҮ

Ош шаардык билим берүү башкармалыгын планына ылайык бул иш чара БАЖСКО деп (узартылышы: бешинчи, алтынчы, жетинчи, сегизинчи класстардын олимпиадасы) аталып, башкармалыкка караштуу бардык мектептердин, ошондой эле каалоочу менчик мектептердин окуучулары үчүн уюштурулган. Жыйынтыгы электрондук текшерүү ыкмасы менен заматта чыгарылып, предметтик көрсөткүч боюнча алдыңкы орундарды багындырган мектептердин окуучулары, аларды даярдаган мугалимдер сыйланды.

Маалым болгондой, предметтик олимпиада буга чейин 5-6-7-8-класстар үчүн мектептик баскычта гана өткөрүлсө, өткөн окуу жылынан бери республика боюнча Ош шаарында аталган класстардын олимпиадасы шаардык деңгээлде өткөрүлөт.

Тынчтыкбек Бекташ уулу

Бөлүшүү

Комментарийлер