ОШТО 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БОЮНЧА КООМЧУЛУККА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
- 18.04.2025
- 0
Өлкөбүздүн билим берүү тармагындагы маанилүү реформалардын бири болгон 12 жылдык билим берүү системасына өтүү маселеси боюнча коомчулукта кызыгуу, айрыкча ата-энелерде суроолор көп. Мына ушуга байланыштуу Ошто ата-энелерге жана жалпы коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында атайын презентация жасалды.
Презентацияны Ош билим берүү институтунун кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов жасап, ал 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн негизги максаттары, артыкчылыктары жана буга чейин дүйнөлүк практикада колдонулуп келген тажрыйбалар тууралуу кеңири маалыматты түшүндүрүп берди. Ал өз сөзүндө бул реформа окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө, коомдун жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык келерин баса белгиледи.
Иш-чарага келген «Коом агартуу» кыймылынын мүчөлөрү жана башка жалпы катышуучулар аталган жаңы система боюнча 1-класска кабыл алуу, окуу мөөнөтү, предметтик программалардагы өзгөрүүлөр жана мугалимдердин даярдыгы тууралуу суроолорду беришип, жооп алышты. Иш-чаранын жүрүшү онлайн да чагылдырылып, подкаст форматында да жазылды.
— Мындай презентациялар Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле биз иштеген Ош билим берүү институту тарабынан билим берүү тармагында иштегендерге көп эле ирет уюштурулду. Мындан ары бүгүнкүдөй жалпы коомчулукка, айрыкча ата-энелерге ар түрдүү форматтарда уюштурулуп, билим берүү реформасына байланыштуу коомдук пикирди калыптандыруу жана түшүндүрүү иштерин тереңдетүү зарыл, — дейт Т. Досмуратов.
Видеосу: https://www.youtube.com/watch?v=CmEMFSy7aBA
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер