ОШМУНУН ВОЛЕЙБОЛЧУЛАРЫ — ЧЕМПИОН

  • 24.04.2023
  • 0

3-апрелден 20-апрелге чейин Бишкек шаарында өткөн республикалык универсиадада ОшМУнун эркектер командасы волейбол боюнча биринчи орунду багындырып, чемпион болду.

ОШМУНУН ВОЛЕЙБОЛЧУЛАРЫ - ЧЕМПИОН

Универсиадада жаш спортчулар спорттун 17 түрү боюнча күч сынашты. Волейбол боюнча мелдешке жалпысынан 27 студенттик команда катышып, машыктыруучу Алмаз Атабаевдин жетекчилиги астындагы ОшМУнун волейболчулар командасы тайпалык деңгээлде да, финалда да бардык оюндарда ишенимдүү артыкчылык менен жеңишке жетишти.

Бул жеңишке окуу жайдын дене тарбия факультетинин студенттери эркектердин курама команда мүчөлөрү Каныбек уулу Бексултан, Абдисатар уулу Таразбек, Акматали уулу Эржигит сыяктуу ОшТУнун намысын коргогон болочок спортчулардын салымы чоң.

Белгилей кетсек, мыкты командалар 2023-жылы өтүүчү Дүйнөлүк Универсиадага катышуу үчүн тандалып алынмакчы.

Зинагул НУРАЛИЕВА,

ОшМУнун пресс-катчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер