ОШМУНУН ТЫШКЫ МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН ӨТҮП КЕЛГЕН СТУДЕНТТЕРИ ТАЖРЫЙБАСЫ МЕНЕН БӨЛҮШҮШТҮ   

  • 19.02.2020
  • 0

18-февралда 2019-2020-окуу жылынын 1-семестринде мобилдүүлүк боюнча Чехия, Түркия, Кытай, Россия, Корея, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн 44 университетинде окуп келген студенттер менен ректор Кудайберди Кожобеков жолугушту.

ОШМУНУН ТЫШКЫ МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН ӨТҮП КЕЛГЕН СТУДЕНТТЕРИ ТАЖРЫЙБАСЫ МЕНЕН БӨЛҮШҮШТҮ   

Иш-чара дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларынын билим берүү жаатындагы мыкты тажрыйбаларын ОшМУда жайылтуу, студенттердин чет өлкөлөрдөн алган таасирлерин башкалар менен бөлүшүүсүнө шарт түзүү, академиялык мобилдүүлүк прогрограммаларын пропагандалоо максаттында уюштурулду.

ОШМУНУН ТЫШКЫ МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН ӨТҮП КЕЛГЕН СТУДЕНТТЕРИ ТАЖРЫЙБАСЫ МЕНЕН БӨЛҮШҮШТҮ   ОШМУНУН ТЫШКЫ МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН ӨТҮП КЕЛГЕН СТУДЕНТТЕРИ ТАЖРЫЙБАСЫ МЕНЕН БӨЛҮШҮШТҮ   

Кудайберди Кожобеков өз сөзүндө академиялык мобилдүүлүк билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошуп, студенттин өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө, тил үйрөнүүсүнө түрткү болуу менен учурдун актуалдуу талабына айлангандыгын белгиледи. Ошондой эле ал университеттин ТОП-700гө кирүү сыяктуу стратегиялык максаттарынын эң негизги критерийи катары студенттик алмашуу саналарын, андыктан негизги иш-аракеттер өнөктөштөр менен болгон келишимдердин жана гранттык орундардын санын көбөйтүүгө жумшалып жаткандыгын кошумчалап, студенттерди мобилдүүлүккө катышуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды куратордук сааттарда башкаларга айтып, факультеттердеги жыйындарда презентациялап, коомчулукка жайылтууга чакырды.

Жыйында студенттерге дагы расмий сөз берилип, алар сырткы окуу жайлардын билим берүү системасы, аларда түзүлгөн шарттар, жатаканадагы жашоолору, шаарларга болгон саякаттары  туурасында айтып беришти жана өздөрүнүн сунуштарын беришти. Иш-чара суроо-жооп, талкуу менен коштолду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер