ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК КЫШКЫ МЕКТЕПКЕ КАТЫШАТ

  • 16.01.2018
  • 0

ОшМУнун 35 студенти Казакстандын Улуттук агрардык университетинде 22-январдан 3-февралга чейин өтө турган Эл аралык кышкы мектепке барат.

Кышкы мектепке бара турган студенттерди жана магистранттарды 15-январда окуу жайдын ректору кабыл алып, аларга кышкы лагерге ийгиликтүү катышып, тажрыйба алып келүүлөрүн каалап жана университетте турмушка ашып жаткан эл аралык байланыштар, академиялык мобилдүүлүк багытындагы алгылыктуу иштер боюнча маалымат берди.

Кышкы мектеп жети багыт: “Суу ресурстарын башкаруу”, “Жашыл экономика”, “Инновациялык технологиялар жана айыл-чарбасындагы техникалык каражаттар”, “Жаратылыш ресурстарын пайдалануу”, “Өсүмдүктөрдү өстүрүүдөгү агроинновация”, “Ветеринария”, “Мал чарба жана азык-түлүк коопсуздугу” боюнча өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, негизги максат Болон процессинин негизги принциби болгон академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү болуп саналат.

“13 күндүн ичинде катышуучулар Казакстандын, Россиянын, Таджикстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Белоруссиянын  белгилүү окумуштууларынын лекция, мастер-класс, тренинг, тегерек столдоруна катышып, билимин өркүндөтүп, практикалык көндүмдөрүн калыптандырышат жана маданий иш-чараларга катышышат”, — дейт ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов.

Бөлүшүү

Комментарийлер