ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ДУШАНБЕ ШААРЫНДА ФОРУМГА КАТЫШТЫ

  • 28.10.2019
  • 0

24-27-октябрда Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн “Тажикстан-Азия — 2019” аттуу IV студенттик форумга Ош мамлекеттик университетинин алдыңкы студенттеринен, магистранттарынан жана аспиранттарынан турган 11 делегат катышып келди. Аларды эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, доцент С.Амиралиев жетектеп барды.

ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ДУШАНБЕ ШААРЫНДА ФОРУМГА КАТЫШТЫ

Тажик улуттук университети менен Алтай мамлекеттик университети уюштурган бул форумга Азиядагы сегиз өлкөнүн: Россия, Армения, Кытай, Казакстан, Кыргызстан ж.б. 30дан ашуун окуу жайларынан 150гө жакын өкүл катышып, улуттар аралык достук мамилени бекемдешип, маданият аралык диалог жана аймактар аралык кызматташуу маселелерин таалкуулашып, жаштар ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган, биргелешкен студенттик долбоорлорду пландоонун жана турмушка ашыруунун үстүнөн иштешти.

Борбор калаада өткөн бул жолугушуу “Чек арасыз билим”, “Илимий жигердүүлүк”, “Маданият аралык диалог”, “XXI кылымдын лидерлери”, “Жаштар чөйрөсүндөгү социалдык долбоорлор” деген беш негизги багыттан туруп, Азия регионундагы окуу жайлардын ортосунда интеграциялык процесстерди кеңейтүүнү жана студенттердин, студенттик уюмдардын өз ара кызматташуусун күчөтүүнү максат кылды.

Иш-чара билим берүүчүлүк, маданий, спорттук жана экскурсиялык программалар менен коштолуп, аларга ОшМУнун студенттери активдүү катышып, жыйынтыгында беш грамотага ээ болушту.

Делегация жетекчиси Семетей Манасович Караганда мамлекеттик индустриалдык, Тува мамлекеттик, Абай атындагы казак улуттук, педагогикалык, Айни атындагы тажик мамлекеттик педагогикалык университеттеринен эл аралык байланыштар боюнча проректорлору, кызматкерлери менен жолугушуп, эки тараптуу келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жыйынтыгында ар бир окуу жай форумдун ишине активдүү катышкандыгы үчүн ассоциациянын президенти, Тажик улуттук университетинин ректору, академик М. Имомзаданын колу коюлган дипломдор менен сыйланышты.

Эскерте кетсек, Ош мамлекеттик университети ушул жылдын сентябрь айынан баштап, Азия университеттеринин ассоциациясына мүчө болуп келүүдө.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер