ОшМУнун СТУДЕНТИ ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА БОЮНЧА ӨЛКӨ ЧЕМПИОНУ

  • 19.01.2021
  • 0
ОшМУнун СТУДЕНТИ ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА БОЮНЧА ӨЛКӨ ЧЕМПИОНУ

14-15-январда Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча ачык чемпионатында Ош мамлекеттик университетинен беш студент катышып, ийгиликтерди багындырып келишти.

Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери Садыкжан уулу Шерзатбек 400 метр аралыкта жана 200 метр аралыктоо чуркоодо I орунду багындырып, жеңил атлетика боюнча өлкө чемпиону аталды. Ал эми Бектурсун Жумабаев 400 метр аралыкта чуркоодо III орунду ээледи.

Кыз-келиндер арасындагы мелдеште Алымкан Жамшитбекова 400 метр жана 800 метр аралыкта чуркоодо II орунду багындырды.

Жеңиш ээлерин ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков куттуктап, окууларына ийгилик, спортто бийиктиктерди каалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер