ОШМУНУН СТУДЕНТИ БИРИНЧИ ОРУНДА
- 29.02.2024
- 0
Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо, алыш бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды.
Чемпионатка катышкан ОшМУнун медицина факультетинин фармация адистигинин бүтүрүүчү курсунун студенти Динара Камчыбекова 70 кг салмакта алыш бел боо күрөшү боюнча I орунду ээледи.
Динара 72 кг салмакта спорттук самбо боюнча да 1-орунду багындырып, диплом жана медалдар менен сыйланды.
Дзюдо, самбо жана алыш күрөшү боюнча спорттун чебери Динара Камчыбекова алдыда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна, Азия жана дүйнөлүк мелдештерге даярдык көрүүдө.
Бөлүшүү
Комментарийлер