ОШМУНУН СТАРТАПЕРЛЕРИ 5 000 АКШ ДОЛЛАРЫН УТУП АЛДЫ

  • 21.09.2023
  • 0

Кыргызстанда байге фонду 16 миң долларды түзгөн 250 стартапердин катышуусундагы  “Стартап улут-2023” хакатону өтүп, анда ОшМУнун бизнес паркынын стартаперлери 5 000 АКШ долларын утуп алышты.

ОШМУНУН СТАРТАПЕРЛЕРИ 5 000 АКШ ДОЛЛАРЫН УТУП АЛДЫ

Жеңишке жеткен “Smart barier” долбоору 2023-жылдын 2-июнунда Кыргызстандагы эң мыкты стартап-долбоорлордун ТОП-10дугуна кирген.

ОшМУнун командасын Бизнес парктын стартаперлери, ОшМУнун Enactus командасынын мүчөлөрү көрсөтүп, мыкты жыйынтыкка жетишти.

ОШМУНУН СТАРТАПЕРЛЕРИ 5 000 АКШ ДОЛЛАРЫН УТУП АЛДЫ

“Стартап улуттун” негизги максаты жаштарды бизнес секторуна окутуу жана тартуу, аларга ишкердик боюнча тажрыйба алуусун шарттаган аянтча менен камсыз кылуу, креативдүү чечимдерди табуу жана стартап ой-жүгүртүүсүн калыптандыруу болуп саналат.

Иш-чарада 1000 стартаперлер Кыргызстандын стартап экосистемасынын өнүгүшүнө чоң салым кошо ала турган улуттук масштабдагы стартап долбоорлорун сунушташты.

20-сентябрда хакатондун жарым финалы жана жабылыш аземи болуп, анда жарым финалга чыккан 150 стартаперлер өз долбоорлорун тартуулашты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер