ОШМУНУН СПОРТЧУЛАРЫ АЛДЫДА

  • 19.04.2021
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин спортчулары өлкө чемпионатында  үч алтын, бир күмүш, бир коло медаль тагынды.

Жеңил атлетика боюнча 16-17-апрелде Бишкек шаарында өткөн өлкө чемпионатында Ош шаарынын командасынын курамында барган ОшМУнун бир окутуучусу, эки магистранты, бир студенти үч алтын, бир күмүш, бир коло медал жеңип келишти.

Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу  Алымкан Жамшитбекова 800 метр аралыкта  1-орунду, 400 метр аралыкта  2-орунду багындырды. Магистранттар Садыкжан уулу Шахзатбек 400 метр аралыкта  1-орунду, 200 метр аралыкта да  1-орун багындырса, Мукумбек уулу Майсал 800 метр аралыкта  3-орунду ээледи. Ал эми Медициналык колледждин студенти  Кадыров Элдияр 1500 метр жана 5000 метр аралыктарда  4-орунду ээледи.

Чемпионаттын алкагында Алымкан Жамшитбекова, Садыкжан уулу Шахзатбек жана Кадыров Элдияр май айында Ташкент шаарында, июнь айында Алматы шаарында  өтүүчү эл аралык мелдештерге катышууга жолдонмо алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер