ОШМУНУН СПОРТЧУЛАРЫ АЛДЫДА

  • 25.02.2019
  • 0

23-февраль — Ата мекенди коргоочулардын күнүнө карата Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган волейбол, баскетбол  боюнча мелдеште ОшМУнун окутуучулары жана студенттери 1-орунга ээ болушту.

ОШМУНУН СПОРТЧУЛАРЫ АЛДЫДА

Мелдеш эки топко бөлүнүп өткөрүлгөн. 1-топто Ош шаарында жайгашкан бардык мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында уюштурулуп, анда волейбол боюнча 1-орунду ОшМУ, 2-орунду Ош бажысы, 3-орунду ОшТУнун курама командасы ээлесе, 2-топто Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери оюн жүргүзүп, анда да 1-орунду ОшМУ, 2-орунду ОГПИ, 3-орунду ОшМЮИнун командары ээлешти.

Баскетбол боюнча мелдеште да ОшМУнун окутуучулары жана студенттери 1-орунга ээ болушту.   Биринчи топто  1-орунду ОшМУ, 2-орунду «Бакай» банк, 3-орунду 02626 Аскердик бөлүгү ээледи. Экинчи топто студенттер арасында 1-орунду ОшМУ, 2-орунду ДЮСШ, 3-орунду ОшКӨУнун командалары ээледи.

Жеңүүчүлөргө Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер тапшырылды.

25-февралда жеңишке ээ болгон университеттин волейбол жана баскетбол боюнча  командаларын жалпы жамааттын атынан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков куттуктап, команданын ар бир мүчөсүнө жана машыктыруучуларына ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер