ОШМУНУН СПОРТЧУ СТУДЕНТИ ОКУУ АКЫСЫНАН БОШОТУЛДУ

  • 25.03.2019
  • 0

Өзбекстанда март айында өткөн кыз-келиндердин профессионалдар арасындагы эл аралык турниринде ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин студенти Элзада Момунжанова 56 кг. салмакта Ушу-Саньда боюнча жеңишке жетишип, алтын курдун ээси болду.

ОШМУНУН СПОРТЧУ СТУДЕНТИ ОКУУ АКЫСЫНАН БОШОТУЛДУ

25-мартта ОшМУнун административдик кеңешинде ийгилик жараткан спортчу Элзада Момунжанованы жамааттын атынан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков куттуктап, ден соолук, окууларында, спортто ийгиликтерди каалап, Кыргызстанда жана  Борбордук Азияда өткөн эл аралык турнирлерде  ийгилик жаратып келе жаткан Элзада Момунжанованын ийгиликтерин эске алуу менен  окуудагы келишимдик акысынан толук бошотулгандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек,  Момунжанова Элзада 2018-жылы Ташкент шаарында өткөн Ушу-Саньда боюнча Борбордук Азия чемпионатында 1-орунду, Грэпплинг боюнча Азияга тандоо турниринде 1-орунду багындырган. Элзада алыш белбоо күрөшү жана Ушу-Саньда боюнча спорттун чебери. Ал 2018-жылдын ноябрь айынан бери 9 алтын, 1 күмүш, 1 коло медалды жана алтын курду жеңип алган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер