ОШМУНУН РЕКТОРУ МИҢДЕН АШУУН СТУДЕНТ  МЕНЕН АРАЛЫКТАН БААРЛАШТЫ

  • 26.05.2020
  • 0

Онлайн жолугушууда окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков   учурдагы кырдаалда университетте аткарылган жана алдыда аткарыла турган иштер жөнүндө маалымат берип, студенттердин окуу төлөмдөрү, академиялык мобилдүүлүк боюнча чет өлкөдө окуп келүү, окуу жайдын алдыдагы пландары сыяктуу бир катар суроолоруна жооп берди.

ОШМУНУН РЕКТОРУ МИҢДЕН АШУУН СТУДЕНТ  МЕНЕН АРАЛЫКТАН БААРЛАШТЫ

«Өлкөбүздөгү жаралган кырдаалга карабастан Ош мамлекеттик университети аралыктан билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпай, замандын талабына ыңгайлашуу менен кырдаалды жөнгө сала алды жана бир топ жумуштар аткарылды. Атап айтсак: «KelBil платформасына, AVN электрондук окуу системасына талапка жараша өзгөртүүлөр киргизилип, ыңгайлуулук жаратты. DATA-борборунда иштеп жаткан mail.oshu.kg почталык серверин колдонуу менен ар бир окутуучунун официалдуу электрондук дареги түзүлдү. Эми учурдун талаптарына ылайык ОшМУнун ар бир окутуучусу (кызматкери) *@oshsu.kg корпоративдик электрондук дареги аркылуу официалдуу университеттин окутуучусу катары башка тараптар менен кат алмашуусуна шарт түзүлдү.

ОШМУНУН РЕКТОРУ МИҢДЕН АШУУН СТУДЕНТ  МЕНЕН АРАЛЫКТАН БААРЛАШТЫ

Zoom платформасынан сырткары окуу жайдын адистери тарабынан иштелип чыккан университеттин өздүк Webinar.oshsu.kg деп аталган видеоконференция уюштуруучу байланыш системасы түзүлдү. Бул система жогоруда аталган интернет каражаттары сыяктуу сапаттуу видеоконференцияларды, б.а. синхрондук байланышты уюштурууга шарт түзүп, маалыматтарды университеттин DATA борборунда гана сакталуусуна жол ачты. Ал эми абитуриенттер үчүн ЖРТга даярдоо жана алардын даярдыктарын текшерүү максатында колдонулуучу атайын сайт ишке кирди. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарынан 2000ден ашуун окуучулар бул RETEST.KG сайтына кирип, ЖРТга даярдыктарын текшерүүдөн өткөрүп жатышат», — деп билдирди ректор.

Соңунда алдыда ОшМУнун 80 жылдык мааракеси менен студенттерди куттуктап, «Аралыктан билим алабыз», «Улуу Жеңишке 75 жыл» жана «Атуулдук стипендиясына» ээ болгон студенттердин сертификаттарын онлайн форматта тапшырды.

Белгилей кетсек, ОшМУнун 80 жылдык маарекеси 28-майда онлайн түрдө өтмөкчү.

 

Жолугушуунун видео материалы төмөнкү шилтемеде:

https://www.youtube.com/watch?v=ik-KymKUggc&feature=youtu.be

Бөлүшүү

Комментарийлер