ОШМУНУН РЕКТОРУ КЫТАЙДА

  • 09.12.2019

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди  Кожобеков баштаган жамаат Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Үрүмчү шаарында Синьцзян педагогикалык университетинин ректору Пархат Жалал менен жолугушту.

ОШМУНУН РЕКТОРУ КЫТАЙДА

Анда Пархат Жалал Кудайберди Кожобековду ректорлук кызматка келүүсү менен куттуктап, ОшМУ менен Синцзян педагогикалык университетинин кызматташуусунун мындан ары да өнүгүп, жаңы денгээлге чыгарына ишенерин билдирди. К.Кожобеков эки окуу жайдын ийгиликтүү кызматташуусуна токтолуп, ОшМУ мындан ары да бул окуу жай менен өнөктөштүктү күчөтүүгө көңүл бурарын баса белгиледи.

ОшМУнун Конфуций институтунун директору Айтикеев Токтосун институттун  2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө доклад жасады. Андан соң эки тарап Конфуций институтунун 2020-жылда аткарчу иш-аракеттерин талкуулап, иш планын бекитишти.

ОШМУНУН РЕКТОРУ КЫТАЙДА

Андан кийин  ректор К.Кожобеков ОшМУнун докторантура жана магистратурада билим алып жаткан окутуучулары жана бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту.  Студенттер ректорду абдан жылуу маанайда тосуп алышып, окуу жайдагы окуу шарттары, жашоо шарттары менен тааныштырышты. Ректор өз сөзүндө ОшМУну бүтүп, чет элге чыгып билим алып жаткан студенттер менен сыймыктанарын билдирип, аларга окууларында ийгилектерди каалап, окууну мыкты аяктап өз мекенибизге кайтып келип, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошоруна ишенерин билдирди.

Бөлүшүү