ОШМУНУН РЕКТОРУ КАЗАКСТАНДА КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУДА

  • 18.06.2021
  • 0
ОШМУНУН РЕКТОРУ КАЗАКСТАНДА КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУДА

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков расмий делегациянын курамында  Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Билим берүү министрлеринин «Борбордук Азиядагы жогорку билим берүү аймагы: Аймактык кызматташтык, улуттук реформалар» конференциясына катышып жатат.

Иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнөн сырткары онлайн байланыш аркылуу 250дөн ашуун Европа уюмдарынын өкүлдөрү, Жогорку билим берүүдөгү сапатты кепилдөөчү агенттиктердин Европалык Реестри да катышууда.

Жыйындын алкагында ректор К. Кожобеков Эл аралык «TURKISTAN» Түрк ТВ каналында «Борбордук Азиядагы жогорку билим берүү аймагы: Аймактык кызматташтык, улуттук реформалар» конференциясында каралып жаткан маселелер боюнча маек курду.

Конференциянын максаты — Болон процессинин принциптери боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку билим берүү тутумдарын жакындаштыруу болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын билим берүү, илим, академиялык мобилдүүлүк кызматташтыктарын бекемдеген Альянс түзүлүп, меморандумга кол коюлат.

Конференция Казакстандын Туркестан шаарында өтүп жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер