ОШМУНУН ОКУУЧУСУ АРСЕН КАРАТЭ-ДО БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ
- 10.02.2020
- 0
Ош мамлекеттик университетинин «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун 1-классынын окуучусу Арсен Сапарбаев Москва шаарында өткөн спорттун Каратэ-До Шотокан түрү боюнча дүйнө кубогуна катышып, эки алтын, үч күмүш медалдын ээси болду.
Арсен 1-2-февралда Бишкек шаарында өткөн Каратэ боюнча республикалык ачык чемпионатта дагы 1-орунду багындырып, алтын медалды жеңип алды. Учурда ушул жылдын март айында Түркияда өтүүчү чемпионатка даярданып жаткан учуру.
Арсенди ОшМУнун административдик кеңешинде жалпы жамааттын атынан ректор Кудайберди Кожобеков куттуктап, окууда, спортто ийгиликтерди каалады жана дайыма колдоо көрсөтүп келе жаткан ата-энесине ыраазычылык билдирди.
Бөлүшүү
Комментарийлер