ОшМУнун окутуучусу алдыда

  • 24.09.2024
  • 0

Филология жана маданият аралык  коммуникация институтунун улук окутуучусу Айгүл Осмонова республикалык сынакта биринчи орунду ээледи. Ал диплом жана ноутбук менен сыйланды.

ОшМУнун окутуучусу алдыда

“Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” деген аталыштагы сынакка өлкөдөгү 13 жогорку окуу жайдан 25 окутуучу катышты. ОшМУдан улук окутуучулар Айгүл Осмонова, Бермет Закирова, Жазгүл Максутова барды. Сынак мамлекеттик тилди эне тили, экинчи тил жана чет тили катары окуткандар арасында өткөрүлдү. Мында катышуучулардын мамлекеттик тилди окутуудагы чеберчилиги, колдонгон усулдары, аны өнүктүрүү боюнча ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана аткарган иштери каралды.

ОшМУнун окутуучулары 2021-жылдан бери кыргыз тилин деңгээлдик тутумда окутуп келишет. Студенттер үчүн А2, В2 деңгээлдеги “Кесиптик кыргыз тили” колдонмосу чыгарылган. Бул деңгээлдик окутуунун технологиялары, өзгөчө ыкмалар комиссия мүчөлөрү тарабынан жогору бааланды.

Аталган сынак Кыргызстанда “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана Ишеналы Арабаев атындагы университеттин негизделгенинин 80 жылдыгына карата уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер