ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ  ТАШКЕНТ МАМЛЕКЕТТИК СТОМАТОЛОГИЯЛЫК ИНСТИТУТУНДА ЛЕКЦИЯ ОКУШУУДА 

  • 17.03.2021
  • 0

ОшМУнун медицина факультетинин профессору Сүйүналы Шатманов жана доцент Курсант Турдубаев Ташкент мамлекеттик стоматологиялык институтуна конок лектор катары барышты.

Буга чейин Европа Бирлигине кирген чет өлкөлүк өнөктөш университеттер, Корея, Түркия, Индия жана КМШ өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайлары Ташкент мамлекеттик стоматологиялык институту менен келишим түзүшкөн.

Келишимге ылайык аталган окуу жайга чакыртылган алдыңы чет элдик профессорлор студенттер үчүн стоматология жана дарылоо иши  багыттары боюнча лекция окуп, семинарларды өтүшөт.

Максаты — чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар ортосунда кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу.

Учурда конок лекторлор студенттерге лекция, семинарларды өтүп, институт тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышып жатышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер