ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ТҮРКИЯДА

  • 01.03.2019
  • 0

ОшМУ менен Түркиянын Кастамону университетинин ортосундагы келишимдин негизинде ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору, доцент Түмөнбай Колдошов баштаган факультеттердин тарбия иштери боюнча декандын орун басарларынан, аялдар кеңешинен турган делегация тажрыйба алмашуу максатында 25-февралдан бери Түркияда иш сапарда жүрүшөт.

ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ТҮРКИЯДА

Делегацияны Кастамону университетинин ректору Сейит Айдын жана проректор Сезгин Айхан тосуп алып, атайын жолугушуу өткөрдү. Азыркы күндө Кастамону университетинин бардык факультеттери менен жакындан таанышуу жүрүп жатат. Электрондоштурулган борбордук китепкана, акыркы моделдеги лаборатория, педагогика, искусство, коммуникация, туризм, эл аралык байланыштар факультеттерине барып, студенттер менен иштөө, тарбия иштер жана сабак процессине байланыштуу маселелер боюнча пикир алушуу, тажрыйма алмашуу иштери жүрүп жатат.

ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ТҮРКИЯДА

Ошондой эле делегация шаардагы тарыхый жайлар менен таанышып, Кыргызстандан барып билим алып жаткан студенттер менен жолугушууда. Иш сапары 6-мартта аяктайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер