ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ШААРДЫК ООРУКАНАГА 7 ДААНА КЫЧКЫЛТЕК КОНЦЕНТРАТОРУН ТАРТУУЛАДЫ

  • 13.07.2020
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин жамааты каражат топтоп, күнү-түнү үзгүлтүксүз иштөөчү жети даана кычкылтек концентраторун Ош шаардык ооруканасына тапшырды.

ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ШААРДЫК ООРУКАНАГА 7 ДААНА КЫЧКЫЛТЕК КОНЦЕНТРАТОРУН ТАРТУУЛАДЫ

Ага кошумча учурда зарыл болгон медициналык каражаттар: алты даана кварц лампасы, кандагы кычкылтектин денгээлин, сатурациясын өлчөөчү алты даана пульсоксиметр, алты даана пульверизатор жана 140 даана респиратордук беткап да берилди.
Мындан сырткары окуу жайдын беш жатаканасында уюштурулган ооруканада иштеп жатышкан 51 медкызматкерлерге түшкү тамак берилип жатат.
Бейтаптарга медициналык жардам берүү максатында Ош мамлекеттик университетинде түзүлгөн резервдик топтогу 9 дарыгер-ординатор Чон-Алай районунда, 10 медицина кызматкери Кара-Кулжа районунда, 5 дарыгер-ординатор Ош шаарындагы Газпром спорт комплексинде уюштурулган күндүзгү стационарда, 45 медкызматкерлер ОшМУнун медициналык клиникасында иштеп жатышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер