ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ МАЛАЙЯ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ИШ САПАРДА

  • 03.02.2020
  • 0
ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ МАЛАЙЯ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ИШ САПАРДА

Ош мамлекеттик университети менен Малайя университетинин (Малайзия) ортосундагы түзүлгөн кызматташтык меморандумдун негизинде 2020-жылдын 26-январынан бери «Social Wellbeing Research Center» илимий изилдөө борборуна тажрыйба алмашуу максатында ОшМУнун социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары Б.Адылбекова, А.Кенжебайова жана Д.Салиева иш сапарында жүрүшөт. 

ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ МАЛАЙЯ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ИШ САПАРДА

Алар сапардын алкагында Малайя медицина факультетинде өткөн
“Rethinking Drug Policy in Malaysia with Global Commission on Drug Policy, at IPPP walking distant” аттуу конференцияга да катышып, А. Кенжебайова жана Б. Адылбекова Кыргызстан жөнүндө баяндама окушту.

ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ МАЛАЙЯ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ИШ САПАРДА ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ МАЛАЙЯ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ИШ САПАРДА

Андан соң университеттин чет тилдер факультети менен жакындан таанышышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер