ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ «КАРА-ШОРО» ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНДА ИЛИМИЙ ЭКСПЕДИЦИЯ ӨТКӨРҮШТҮ

  • 06.08.2026
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын окутуучулары 28–29-июль күндөрү «Кара-Шоро» мамлекеттик жаратылыш паркында илимий экспедиция өткөрүштү. ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ «КАРА-ШОРО» ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНДА ИЛИМИЙ ЭКСПЕДИЦИЯ ӨТКӨРҮШТҮИш-чаранын жүрүшүндө окумуштуулар парктын экологиялык абалын изилдеп, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө байкоо жүргүзүштү. Ошондой эле туристтердин агымына мониторинг жүргүзүлүп, туризм менен айыл чарба ишмердүүлүгүнүн жаратылышка тийгизген таасири бааланды.

Изилдөөнүн жыйынтыгында паркка келген туристтердин саны салыштырмалуу аз болгондуктан, жаратылыш чөйрөсү жакшы сакталып жатканы аныкталды. Айрыкча бадалдар менен дарактардын жаш өсүндүлөрүнүн көп кездешүүсү экосистеманын табигый калыбына келүү процесси жакшы жүрүп жатканын көрсөттү.

Бул илимий сапар Ош мамлекеттик университетинде ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасынын Ош жана Баткен облустары менен Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусунун мисалында жашыл экономиканын потенциалын жана тармактык диверсификацияны туруктуу өнүктүрүү үчүн негиздөө» аттуу гранттык долбоордун алкагында уюштурулду.

Экспедицияга география илимдеринин доктору, профессор Абдурашит Низамиев, география илимдеринин кандидаты, доцент Калыбек Самиев, география илимдеринин кандидаты Сыргак Ибраев жана ага окутуучу Жанарбек Султанов катышты.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер